Бишкекте кайгуул кызматкери пара менен кармалды

​Бишкекте кайгуул кызматкери пара доолап кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 6-июнь күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматына А. У. аттуу жаран жол кырсыгы фактысы боюнча материалды кароодо маселени оң жагына чечүү үчүн Бишкек ШИИББы боюнча милициянын кайгуул кызматынын кызматкери 20 миң сом суммадагы акча каражаттарын талап кылып жаткандыгы боюнча
кайрылган.

Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-бөлүмүндө (пара талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш
иши козголгон.

2022-жылдын 10-июнь күнү тергөө-ыкчам иш-чараларды өткөрүүдө Бишкек ШИИББдин милициянын кайгуул кызматынын имаратында кызматтык кабинетте
талап кылынган сумманы алуу учурунда Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматынын кенже инспектору Ч. У. кармалган. Андан 15 000 сом
суммасындагы пара далил катары табылып алынган»,-деп айтылат маалыматта.

Сурак жана башка тергөө
амалдары жүргүзүлгөндөн кийин кармалган кызматкер Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын айрым
кызматкерлери тарабынан жасалган коррупциялык жана башка мүнөздөгү
кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча чараларды үзгүлтүксүз
жүргүзүп келүүдө.