«Ала-Тоо» аквапаркына чөгүп кеткен баланын апасы: “Мен эми баламсыз кантип жашайм?”

Бишкектеги «Ала-Тоо» аквапаркына чөгүп кеткен баланын апасы окуя боюнча үн катып, Instagram баракчасына билдирүү калтырды.

«Менин балам классы менен «Ала-Тоо» аквапаркына кеткен. Ал жакта балдар менен эки ата-эне жана куткаруучулар болот дешкен. Мен мектепке жана куткаруучуларга ишенгем. Бирок балам сууга чөгүп кетти.

Дароо «Тез жардам» чакырышкан эмес, мен ал жакка 15 мүнөттөн кийин келген соң гана «Тез жардам» келди. Мен эми баламсыз кантип жашайм? Анын өлүмүнө ким жооп берет? Ошол учурда куткаруучулар кайда болушкан? Уулум бир айдан кийин 10 жашка чыкмак…», — деп жазды ал.

Эске салсак, 6- июнь күнү «Ала-Тоо» аквапаркына №95 мектептин 3-класстагы окуучусу чөгүп кеткени маалымдалган.

Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы бул иштин чоо-жайын аныктоо үчүн башкармалыктын, райондук билим берүү борборунун, акимчиликтин жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин кызматкерлеринен турган комиссия түздү. Окуянын чоо-жайын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү иликтеп жатат.