
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сафаровка айылынын Ж.Бөкөнбаев №1 атындагы мектебинин информатика сабагынан берген мугалими 7-класстын окуучусун сабагандыгы үчүн жумуштан бошотулду. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, мугалим Эмгек кодексинин 381-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде кызматтан алынды.
Буга чейин социалдык тармактарда тараган видео боюнча Жалал-Абад облустук милициясы билдирүү таратып, окуянын чоо-жайы териштирилгенин жана мугалимди суракка алганын маалымдаган.