Депутат желектин түсүн ак түскө алмаштырууну сунуштады

Депутат Нурланбек Шакиев Кыргызстандын желегинин өңү алмаштыруу керек экендигин айтты.

Анын айтымында, сары түстөн желек күн карамага окшош. “Отуз жылдан бери ушул өң менен келатабыз” деди ал.

“Ал эми «күн карама», бул «бирөөдөн көз каранды» дегенди туюндурат. Ошондуктан биз башка өлкөлөрдүн жардамына муктаж болуп турабыз, көрүнгөн жактан каражат сурап келебиз», —дейт депутат.

Ал сары түстү ак түскө алмаштырууну сунуштады.