Панфилов сейил бактын аймагында жайгашкан «Панорама» кафесинен өрт чыкты

Маалыматка ылайык, бүгүн Биринчи Май районунун, Панфилов сейил бактын аймагында жайгашкан «Панорама» кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 3 өрт өчүрүүчү бөлүм жана штаб тартылган. Өрт саат 07:12де чектөөгө алынып, толук саат 08:26да өчүрүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такталууда.

Жабыркагандар жок.