Аскар Сыдыков: Кыргызстан-Казакстан алакасын дагы да жогорулатууга мүмкүнчүлүк бар

Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыков кыргыз-казак байланышынын кулачын дагы кеңейтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

“Өзүңүздөр билгендей бизде эки тараптуу биргелешип иштеген ишканалар бар. Алардын ишмердүүлүгүнө ондогон, жүздөгөн миллиондор жумшалып, көп тармактарды өзүнө камтып келет. Маселен, тоо кен, банк, байланыш операторлору жана соода-сатыкта тыгыз мамилелер бар. Ошентсе дагы, менимче, кызматташуу дараметибизди толук пайдалана албай жатабыз. Себеби дагы көптөгөн долбоорлорду ишке ашырсак болмок, Казакстандын экономикасы абдан чоң. Токаевдин расмий иш сапарынан жана Евразия экономикалык форумдун жыйынтыгынан биз чоң маселелер чечилет деп үмүт кылуудабыз.

Эки мамлекеттин чегинде индустриалдык-соода-логистикалык борбор салабыз деп жатышат. Анда айыл чарба товарларынын топтоп, тийиштүү базарларга экспорттоо боюнча тийиштүү шарттар түзүлмөк.

Ошондой эле биргелешкен кыргыз-казак фондун түзүү маселелери да каралып жаткан. Бизде учурда кыргыз-өзбек, кыргыз-венгр, кыргыз-орус фонддору иштеп келет. Ушул эле сыяктуу кыргыз-казак фонду иштеп баштаса жакшы болмок. Андан сырткары маданий-гуманитардык, илимий, билим берүү кызматташтыктар боюнча көптөгөн ишке ашырчу долбоорлор бар”.