Ата-энелер мектеби 1-октябрынан тартып иштей баштайт

Ата-энелердин балдарды тарбиялоо жана багуу боюнча көндүмдөрүн жогорулатуу, жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу максатында 2022-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстандагы пилоттук бала бакчаларда жана мектептерде “Ата-энелер мектеби” программасы киргизилет.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Ата-энелер мектебин» ишке ашыруу үчүн пилоттук негизде ар бир район-шаардан кеминде 5 бала бакча жана 10дон кем эмес мектеп тандалып алынып, программа апробациядан өткөрүлөт.

Пилоттук билим берүү мекемелеринде тестирлөөдөн өткөндөн кийин «Ата-энерлер мектеби» программасы сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен жыйынтыкталат жана бүткүл өлкөгө таратылат.