Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси кармалды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын экс-жетекчиси Ы.Т.К. пара алуусу боюнча кылмышка шектелүүдө.

Буга чейин, 2016-жылы Башкармалыктын мурдагы жетекчиси Ы.Т.К. чет элдик ишкер С.С.дан эшектерди Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республиксына алып чыгууга уруксат берүү маселесин чечип берерин убада кылып, 70 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган. Ошол эле учурда С.С. аттуу ишкерге уруксат документтерин көрсөтүшкөн эмес жана акчасын кайта кайтарып берген эмес.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) боюнча кылмыштардын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

14-майда УКМК тарабынан каражаттардын бир бөлүгүн С.С. аттуу ишкерге кайтарып берүү учурунда пара менен Ы.Т.К. кармалган.

Маалым болгондой, кармалган Ы.Т.К. азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.О. Кожошевдин кеңешчиси экендиги аныкталды.

1362490.1e1fc9c2359be8e82400dc95350fc767 Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси кармалды

Учурда КР МУКК тарабынан бул кылмышты жасоого катыштыгы бар адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.