22 жылдан бери жогорку кызматта иштеп келген Коргоо министрлигинин кызматкери өз кызматында ишин улантып жатат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жогорку окуу жайды аяктаганы тууралуу диплому жок 22 жылдан бери жогорку кызматта иштеп келген Коргоо министрлигинин кызматкери кармалганы маалымдалган. Бул тууралуу маалымат каражаттары күч органдарындагы өздүк булактарына таянып жазып чыгышкан.

Анда айтылгандай, Коргоо министрлигинин кызматкери жогорку билими жок экенин мойнуна алган. Шектүү Коргоо министрлигинин майору К.П.В. экени кабарланган.

УКМК бул тууралуу маалыматты комментарийсиз калтырган.

Ал эми КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы бул тууралуу маалымат берип, жогоруда аталган кызматкер камакка алынбаганын, учурда өз кызматында ишин улантып жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, Коргоо министрлигинин К.П.В. аттуу офицери КР куралдуу күчтөрүндө 1997-жылдан бери аскердик кызмат өтөп келет.

«К.П.В. 2009-жылы офицердик кызматка дайындалып, белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин ага «лейтенант» офицердик наамы ыйгарылган.

Бул аскер кызматчысынын функционалдык милдеттерин аткаруудагы жана аскердик кызматтагы күч-аракетин эске алып, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин көрсөтмө документтерине ылайык жана жогорку аттестациялык комиссиялардын чечимдеринин негизинде кийинчерээк жогорку кызматтарга көтөрүлгөн», — деп билдиришти мекемеден.

Кошумчалагандай, ошол кезде жобого ылайык диплом жок эле комиссия түзүп чечим кабыл алынган.