Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө мыйзам кабыл алынды

«Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» Мыйзам кабыл алынды. Бул тууралуу toktom.kg сайтында жазылат.

Анда жазылгандай, 2022-жылдын 30-апрелинде «Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын башкаруу маселелерин жөнгө салат жана Кыргыз Республикасынын маалымат мейкиндигин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле улуттук телерадиоберүүнү андан ары өркүндөтүүгө багытталган.

Мыйзамдын жөнгө салуу предмети болуп Корпорациянын ишинин уюштуруу-укуктук негиздери, анын юридикалык статусу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сырткары объективдүү маалыматтарды (улуттук медиаконтент) жана башка телерадиопродукцияларды даярдоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун негизги багыттары саналат.

Корпорацияны башкы директор жетектейт. Башкы директор Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат.

Корпорация Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын укугун улантуучу болуп саналат деп белгиленди.