Жамалбек Ырсалиев «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын директору болуп дайындалды

Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ишкананын мурдагы жетекчиси Азамат Оморов жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Ал эми вице-мэрлик кызматка Попиков Олег Владимирович дайындалды.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.