Кызыл-Кыя шаарында майрам күндөрүнө карата милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Кызыл-Кыя шаарында майрам күндөрүнө карата милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

 Кызыл-Кыя ШИИБдин милициянын участкалык уполномоченныйлары балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте шаар аймагындагы калктуу конуштарда,  эл көп чогулган жерлерде үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу,  укук бузууларга жол бербөө багытында милициянын көчмө кабылдамасы менен айланып түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 

 Ошондой эле майрам күндөрү коомдук коопсуздукту сактоо,  кылмыштуулукка жол бербөө,  чөнтөк уурулуктарды болтурбоо,  коомдук жайларда укук бузуулардын алдын алуу максатында эл көп жыйналган жайларды күн сайын көзөмөлдөөдө. 

 Май айынын 4күнүндө түнү ата-энесинин көзөмөлүнөн чыгып, максатсыз жүргөн 2 өспүрүм кармалып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренесинин (Ата-энелик милдеттерден качуу) негизинде өспүрүмдөрдүн ата-энелерине 2 протокол толтурулуп,  айып пулдар салынды. 

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы