«Мурас» футбол боюнча достук мелдеши өтөт

Бишкекте 4-5-майда «Мурас» футбол боюнча достук мелдеши өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган мелдешке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышат.

Спорттук иш-чарага 12 команда катышып, чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча алар төрт топко бөлүнөт:

• А тайпасы: Президенттин администрациясы, «Ден соолук», Жогорку Кеңеш;

• В тайпасы: «Өнөр», «Билим», «Ыйман»;

•С тайпасы: «Бизнес», «Элчилер», «Спорттук федерациялар»;

•D тайпасы: «Алга», «Аймактар», «Журналисттер».

4-майда тайпалык жана чейрек финалдык оюндар, 5-майда жарым финал, үчүнчү орун үчүн беттеш жана финалдык мелдеш болот.

Турнир Кыргызстандын футбол союзунун жана президенттин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.

Оюндарды Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана «КТРК Спорт» телеканалы түз алып көрсөтөт.

Түз алып берүү убактысы:

  • 4-май саат 10.00;
  • 5-май саат 12.00.