28-апрелде Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

0
19

28-апрелде Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Баш-Кара-Суу” суу алгычында оңдоо иштерине байланыштуу 28-апрелде саат 9:00дөн 20:00гө чейин Сарбан а., Жал а., Жогорку Орок, Кашкабаш а., 105-контурдун батыш тарабы, ЖЭБ-2 жаңы конушу, жаңы Селекция району, Достук а., Ак-Ордо конушу Ахунбаев көчөсүнүн түштүк тарабы, Сокулук районундагы Ак-Ордо конушу Ахунбаев көчөсүнүн үстүндө, Ак-Ордо конушу Өмүр көчөсүнүн түштүк тарабында суу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын ичүүчү суу камдап алууларын суранат.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.