Ведомствонун сайтында айтылгандай, мындай чечим өлкөнүн Башкы прокуратурасынын талабынын негизинде 23-апрелде кабыл алынган. Бөгөт коюунун себеби белгисиз.
Орусия менен Украинадагы кырдаал боюнча орус бийлиги маалымат каражаттарына көзөмөлдү ого бетер күчөтүп, журналисттерди Украинадагы согушту «аскердик операция» деп атоого милдеттендирген. Ошондой эле Мамлекеттик Дума медиа каражаттарынын ишин чектеген бир катар мыйзамдарды кабыл алган. Ага ылайык, Орусияда армия, дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана мамлекеттик органдар тууралуу «жалган маалымат» тараткандар кылмыш жообуна тартылат.
Мындай талаптардан улам CNN, Bloomberg, CBS сыяктуу бир катар эл аралык маалымат каражаттары Орусиядагы ишин токтоткон.