Кластердик өнүктүрүү азык-түлүктүн импортуна көз карандылыкты азайтат

Ушул тапта “Жаздын бир күнү жылдын он күнүнө тете” дегендей, жаз жарыш иштери кызуу жүрүп жатат. Кыргызстандагы ири ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн башын кошкон Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев учурдагы негизги маселелер, чечилбей жаткан көйгөйлөр тууралуу айтып берди.

– Айыл чарба жаатында ири өндүрүүчүлөр менен иштеген адам катары айтсаңыз, Кыргызстан өзүн кайсы продукциялар менен толук камсыздай алат, канчасын сырттан ташып келет?

– Акыркы убакта агроөнөр жайга абдан олуттуу көңүл бурулуп жатат. 2009-жылы эле өкмөттүн токтому менен атайын жобо бекитилген, ал “КР азык-түлүк коопсуздугунун мониторинги жана индикаторлору” деп аталат. Ушул жобонун негизинде азык-түлүк коопсуздугунун абалын баалоо үчүн негизги 9 азык аныкталган, алар: нан жана нан азыктары, картошка, мөмө жана жер-жемиштер, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү, кумшекер, өсүмдүк майы, сүт жана сүт азыктары, эт жана эт азыктары жана жумуртка. Ушул 9 азык менен өзүбүздү тилекке каршы толук камсыздай албайбыз, импортко көз карандыбыз. Биздин ассоциациянын баалоосу боюнча картошка жана сүт, сүт азыктары менен гана өзүбүздү толук камсыздай алабыз. Калган 7 продукциянын ар бири боюнча канча бир пайызда сырттан келген продукцияларга көз карандылык бар. Мөмө жана жер-жемиштер сезондук учурда – жазында жана кышында сырттан кирет, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү боюнча да абал ушундай.

Ал эми кумшекер боюнча 40 %, өсүмдүк майы боюнча 90 % импортко көз карандыбыз. Эт жана эт азыктары үчкө бөлүнөт, кызыл эт, ак эт жана балык менен камсыздоодо импортко көз карандылык баары бир бар. Ал эми жумуртканын 45 % сырттан кирет.

– Ушундай көз карандылыктан арылуу үчүн азыр кандай конкреттүү чаралар көрүлүп жатат?

– 2020-жылы биздин ассоциациянын алкагында Айыл чарба министрлиги менен бирге атайын изилдөө жүргүзүлүп, ошонун негизинде “Агрардык өнүктүрүүнүн концепциясы” иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө концепция өкмөттө, бирок андагы кластердик өнүктүрүү боюнча иш-чаралар башталды. Себеби кластердик өнүктүрүү менен негизги маселелерди чечсе болоруна көз жетти, ошондуктан ага олуттуу маани берилүүдө. Буга чейин деле өкмөт тарабынан бир топ жардам болгон. Отуз жыл аралыгында айыл чарбасына болжол менен 30, 40 млрд. сомдой кредит берилген экен. Буга карабай, жогоруда аталган 9 негизги азык-түлүк боюнча жетишсиздик чечилбей келген.

– Кластердик өнүктүрүү деген эмне?

– Бул бир тармактагы өндүрүштүн бири-бирине байланышта, бири-бирин толуктоо менен түзүлүшү. Айыл чарбасындагы кластерде агрегатор болот, үрөн себилип өстүрүлүп, сатууга жеткиче ортодо ортомчулар жок тыгыз байланышта иш жүрөт:  фермер жер айдайт, суу, жер семирткич менен камсыздалат анан продукцияны өндүрөт, акырында анын продукциясы агрегаторго жетет. Азыр кластердик каржылоо менен бардык жоопкерчилик агрегаторго анан фермерге жүктөлөт. Фермерге 6 % менен кредит берип ага мынча жер айдайсың, мынча көлөмдө продукция чыгарасың, анан өндүргөн продукцияңды жүз пайыз агрегаторлорго бересиң, продукциям сатылбай, өтпөй калат деп кабатыр болбойсуң деп жатышат. Ал эми агрегаторлор буга чейин бизге чийки зат жетпейт деп даттанып келишкен да, эми аларга да 6 % кредит берилет, бирок аларга фермерлердин түшүмүн толугу менен сатып аласың деп шарт коюлуп жатат. Демек, түшүм өндүрүлгөндөн сатып алуучунун колуна тийгиче бирдиктүү байланышты кластердик өнүктүрүү десек болот.

– Акыркы кезде Министрлер кабинети кризиске каршы чараларды кабыл алып, азык-түлүк коопсуздугуна бөтөнчө көңүл бурулуп жатат. Демек, кластердик өнүктүрүүгө да каражат бөлүндү да?

– Азыркы учурда кризиске каршы иш чараларга жалпысынан 26 млрд. сом бөлүнөт деп айтылды. Анын ичине айыл чарбасын өнүктүрүүнү кластердик каржылоого 9 млрд. сом бөлүнө турганы белгилүү болду. Бүгүн ушул маселе чечилсе, жогоруда айтылган негизги азык – түлүктөрдүн импортуна болгон көз карандылык бир топ деңгээлде азаят эле.

Кластердик каржылоо менен өнүктүрүү бизде буга чейин болгон эмес. Бирок ушул ишке ашса эле, демек биз өсүмдүк майы менен өзүбүздү толук камсыздап калабыз дегенди билдирбейт. Өкмөт фермерлерге стимул берип, импорттон көз карандылыкты жок дегенде 5, 10 пайызга азайтууну көздөп жатат.

Бир ай мурда ушунча каражат бөлүнөөрү айтылган. Президенттин, Министрлер Кабинетинин башчысынын да тапшырмасы бар экендигине карабастан, каражат бөлүнө элек. Ишкерлер, фермерлер акча качан берет деп күн сайын сурап жатабыз.

– Каражат бөлүнбөй жаткандыгынын себеби эмнеде?

– Баарыбыз тең азыркы абалды түшүнүп турабыз, ушул жылдын 16-мартында кластердик өнүктүрүүгө кредит бөлүү боюнча Министрлер Кабинетинин токтому чыккан. Биз ошондон бери эле “Айыл банк” менен “РСК банктан” сурап жатабыз, бирок алар бизге каражат түшө элек деп жатышат. Себебин сураштырсак, башында 9 млрд. сом деп айтылды, бирок быйыл анын жарымы эле бөлүнөт дешти. Анткени бул бюджеттен бериле турган каражат болгондуктан, алар бюджетке түшө элек. Сыягы, бюджетке каражат түшкөн сайын бөлүнүп турат окшойт. Бирок ушул кезде 400 млн. сомдой каражат түшкөнүн айтып жатышат, ага карабай кредит берүү иштери баштала элек. Себеби агрегаторлор менен фермерлерге коюлган талаптардын аткарылышы боюнча иштер жүрүп жатат окшойт.

– Эгер каражат убагында берилбесе, фермер убагында жер айдай албаса, демек күзүндө сырттан кире турган продукцияга көз карандылык көбөйөт экен да?

– Эгерде чын эле бардык иштер өз убагында жасалбаса, ошондой болот. Себеби, айыл чарбасы жер айдоо менен эле бүтпөйт да. Башка жасала турган иштери көп. Каржылоо баарына бирдей убакта болбосо кластер жарым-жартылай иштеп калышы мүмкүн. Азыр каражаттан башка фермерлер суу маселесин да көтөрүп жатышат.