Кадамжайда сел жүрүп, жолдор убактылуу жабылды

Бүгүн саат 14:30дар чамасында Кадамжайда катуу жааган жаандан улам сел жүрдү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы боюнча, мындан улам суу сел өтмөктөрүнөн ашып, Ак-Кыя — Жийделик жана Кызыл-Булак — Тамаша унаа жолдорунда кыймыл убактылуу токтотулду.

“Учурда жеринде Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар нөөмөттө иш алып барууда. Жамгыр басылып, селдин агымы басаңдаары менен жолду тазалоо иштери жүрөт”, — деп айтылат маалыматта.

Кырдаал боюнча кошумча маалымат берилет.