
Бишкекте 135 тонна байытылган буудай уну жана 60 тоннадан ашык байытылган күн карама майы түрүндөгү Россиянын азык-түлүк жардамын тапшыруу иш чарасы өттү. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, азык-түлүк муктаж үй-бүлөлөргө максаттуу бөлүштүрүүгө арналган.
Ушундай эле акция 20-апрелде Ош шаарында болуп, 675 тонна ун, 60 тонна май тапшырылган.
Аталган долбоор Россия Федерациясынын 2020-2021-жылдарга БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына 9 миллион доллар өлчөмүндөгү ыктыярдуу максаттуу салымынын алкагында ишке ашырылууда.