Жасалма документ, чек араны мыйзамсыз кесип өткөн: Болот Темировго козголгон кылмыш иштер жарыяланды

Temirov LIVE компаниясынын негиздөөчүсү, иликтөөчү Болот Темировго козголгон кылмыш иштери: ал башка өлкөнүн жараны болуп туруп, чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Ошондой эле ага жасалма документтер боюнча айып тагылды, – деп билдиришти милициядан.

20-апрелде 10:30га суракка чакырылган. Бул тууралуу Темиров өзү фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Кечээ дагы үч кылмыш иши козголгону тууралуу протокол менен таанышып чыгууга убакыт беришти. Арыз жазууга дагы убакыт табуу үчүн. Бирок бүгүн эртең менен чакыруу келди», — деп жазган журналист.