
Бишкектин Баба-Ата менен Иманкулов көчөлөрүнүн кесилишинде BMW X7 жана Audi C4 унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды.Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн саат 09:00дөр чамасында болуп, анда Audi C4 Баба-Ата менен Иманкулов көчөлөрүнүн кесилишинде BMW X7 унаасы менен кагышкан.
Кырсыктан Audi унаасынын айдоочусу жабыркаган.
Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда.