«Тазалык» ишканасынын кызматкерлери аткаминерди сабап сала жаздашты

Бүгүн, 15-апрелде Бишкек мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери митингге чыгышты.

Алардын айтымында, кечээ кечинде ишканага жаңы директор дайындалган. Алар жаңы келген жетекчилер иштин жүрүшүн билбестигин, «Тазалыкка» өндүрүш иштерин тыкыр билген директор дайындалышын талап кылышууда.

Митингге чыккандар менен Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев келип сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда түшүнбөстүктөр жаралды.

Митингчилерге чыккан Жыргалбек Рысалиевдин жанындагылар сөз бербей, митингчилерди түртө башташкан.

Жыйынтыгында Рысалиев качып кутулду