Кан-тамырын кескен блогер кайрадан убактылуу кармоо жайына киргизилди

Буга чейин Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу камакка алынган блогер Батмакан Жолболдуева кан-тамырын кесип жибергени маалым болгон. Мындай маалыматты жергиликтүү басылмалар блогердин жактоочусу Назгүл Сүйүнбаевага таянып, жазышкан.    

Буга байланыштуу Баткен облустук милициясы төмөнкүлөрдү билдирди.

“Баткен РИИБинин убактылуу кармоо жайында шектүү катары кармалып турган 1989-жылы туулган Ж.Б. белгисиз себептерден улам өз өмүрүнө кол салуу максатында сол колунун билегин учтуу нерсе менен кескилеп салган.

“Тез жардам” кызматы алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жеткирилип, абалы турукташкандыгына байланыштуу кайрадан убактылуу кармоо жайына киргизилди”, – деп билдиришти Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан.

Эске салсак, 25-мартта журналист Арзыгүл Галымбетова облустук милицияга ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева аны каралап жатканын билдирип, арыз жазганы маалымдалган.  

Журналисттин өлүмүнөн кийин жабырлануучунун арызынын негизинде кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертиза дайындалган.

Буга байланыштуу 28-мартта камакка алынган Батмакан Жолболдуева бир айга камакта калырылган.

25-мартта AKИpress маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетова мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Маркумдун жакындары журналисттин жүрөгү токтоп каза болгондугун билдиришкен.