Абдыбахаб Боронбаев ант берди

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында «Ата Журт-Кыргызстан» партиясынан депутат болуп келген Боронбаев Абдыбахаб Жолдошович ант берип, өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Эскерте кетсек, Абдыбахаб Боронбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган Бакыт Төрөбаевдин ордуна келди.