Жарандарга ысырапкерчиликке жол бербөө жана мал уурулугун алдын алуу боюнча кеңештерин берилди

ИИМ: Милиция кызматкерлери жарандарга ысырапкерчиликке жол бербөө жана мал уурулугун алдын алуу боюнча кеңештерин беришти

Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана өздүк курамы район аймагындагы жергиликтүү тургундар менен ар дайым жолугушууларды өткөрүп, өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча туура маалыматтарды жеткиришип, калктын көйгөйлөрүн угуп, арыз-даттануулары болсо жеринен кабыл алып, аны ыкчам чечүүгө аракет кылышууда.

WhatsApp Image 2022 04 11 at 12.49.50 1 Жарандарга ысырапкерчиликке жол бербөө жана мал уурулугун алдын алуу боюнча кеңештерин берилди


Алсак, 2022-жылдын 10-апрель күнү Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Асылбек Назаралиев, Чүй РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Ырысбек Сардарбеков, милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана балдар менен иштөө инспекторлору Чүй жана Арал айылдарынын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүштү.

Анда милициянын көчмө кабылдамасы менен барышкан милиция кызматкерлери өлкө аймагында ички иштер органдары тарабынан өткөрүлүп жаткан масштабдуу “Мал уурулук” рейдинин алкагында жергиликтүү тургундарга мал жандыктарга сак болуу жана коопсуздугун камсыздоо максатында малдарын түнкүсүн талаага кароосуз таштабоо, сарайлардын эшик, терезелерин торлоо, эшиктерине кулпу салуу боюнча бир катар кеңештерин беришти.
Андан сырткары, Чүй жана Арал айылдарынын жашоочуларына Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгын туура жеткирүү максатында маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатын, эскерүү кечелерин өткөрүүдө, үйлөнүү-үлпөт тойлорун жана башка салтанаттарды майрамдоодо ысырапкерчиликти болтурбоо керектиги эскертилип, бул багытта түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

WhatsApp Image 2022 04 11 at 12.49.50 Жарандарга ысырапкерчиликке жол бербөө жана мал уурулугун алдын алуу боюнча кеңештерин берилди


Чүй райондук милиция кызматкерлери ысырапкерчиликке жол бербөө багытында жолугушууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын жергиликтүү тургундар жылуу кабыл алышууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы