Жумгал районунда сафлор өсүмдүгү эгилди

Быйыл азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу максатында облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаевдин демилгеси менен өсүмдүк майы алына турган сафлор өсүмдүгүн айдоо жумуштары башталды. Бул тууралуу КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-апрелде Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында сафлор өсүмдүгү эгилди.

Жумгал райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгын башчысы Талант Молдокеев билдиргендей, райондо 200 гектар аянтка май өсүмдүгү айдалганы турат. Ар бир айыл өкмөт 20-30 гектар аянтка сафлор эгүүнү пландашкан.