Нарында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу иштери аткарылууда

Нарын ОИИБи: Нарында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине окуутулар өткөрүлүп жатат

ИИМдин тескемесинин негизинде ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери милициянын полковниги Нуржан Адылова жана милициянын подполковниги Жылдыз Осмонова Нарын облусунун ШРИИБнин Коомдук коопсуздук кызматкерлерине зордук-зомбулукту алдын алуу максатында жергиликтүү бийлик менен биргеликте бул багытта иш-чараларды күчөтүү максатында жана кызматкерлердин кесиптик билим деңгээлин жогорулатуу боюнча сабактарды өткөрүп жатышат.

WhatsApp Image 2022 04 06 at 14.51.04 Нарында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу иштери аткарылууда


Алгачкы иш-чара Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн жыйындар залында өткөрүлүп, семинарга Коомдук алдын алуу борборлорунун, билим берүү мекемелеринин, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү.


Андан соң Кочкор районунун Кочкор айылындагы И.Арабаев атындагы мектеп гимназиясынын окуучулары менен жолугушуу уюштурулуп, аталган мектепте зордук-зомбулуктун алдын алууда атайын даярдалган видео тасмалар көрсөтүлүп, мектептин окуудагы мыкты жетишкендиктери үчүн айрым айырмаланган активдүү окуучуларга, спорттун баскетбол оюну боюнча көптөгөн алдыңкы орундарды камсыз кылып келишкен командага ИИМнин туруктуу өнөктөштөрү жана демөөрчүлөрү БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан флешкаларды фудболкаларды, спорттук баш кийимдерди жана Кыргызстандагы Сейферуорлд (Saferworld UK) уюму жана “Эл аралык толеранттуулук” фонду тарабынан спорттук кийимдерди, волейбол, баскетбол оюну үчүн топторду жана символикалуу белектерди тапшырышты.
Ошондой эле, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жардамдар көрсөтүлдү.
Ушундай эле, иш-чара Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы районунун аймагында улантылып, Нарын шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине Нарын ОИИБнин жыйындар залында окутуулар жүргүзүлүп жатат.


Окуу семинарда катышуучуларга Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын негизинде зомбулукка кабылган балдар үчүн укук тартибин жана сот адилеттүүлүгин сактоо чөйрөсүндөгү базалык кызматтарды көрсөтүү боюнча стандарттык операциондук процедуралар, ИИМдин КККнын милициянын участкалык уполномоченныйларынын жана балдар иштери боюнча участкалык инспекторунун күндөлүк колдонмо китепче, окутуу жана презентациялоо өткөрүлдү.

WhatsApp Image 2022 04 06 at 14.51.05 Нарында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу иштери аткарылууда

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы