Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды

Маалыматка ылайык, Нурил Алымбаев президенттин Чүй облусундагы жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров облус башчысын жалпы эмгек жамаатына тааныштырып, Эркин Тентишев башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулгандыгын билдирген.