Вulak.kg редакциясы бардык мусулмандарды Ыйык Рамазан айы менен куттуктайт

Оо, Аллахым бардык мактоолор Сенин Өзүңө болсун! Сен Мээримдүүлөрдүн мээримдүүсүсүң, бизди өз мээримиңе алгын. Аллахым, биздин күнөөлөрүбүздү кечир, арабызда ыймандуу адамдардын санын көбөйт, аларды азайтпа.

Урматтуу мусулман бир туугандар!

Баарыңыздардын кирип келген ыйык Рамазан айы менен куттуктайбыз!

Орозонун хикматы жөнүндө айта берсек сөз бүтпөйт.
Айлардын падышасы “Рамазан” сооптун, сабырдын, достуктун, ынтымактын, берекенин, тынчтыктын, напсини тарбиялоонун, ден- соолуктун, аруулуктун, жан дүйнө тазалануунун, оңолуунун, өзгөрүүнүн, кечиримдин айы.

Рамазан айыңыз куттуу, туткан орозоңуз кабыл болсун. Ар бир үйгө тынчтык, береке, кут консун!

Кош келипсиң тынчтык айы – РАМАЗАН!

Эң оңой, эң жеңил ибадат зикир.

  • -Зикир менен болгон амал башка зикирсиз амалдан даражасы улук болот
  • -Дуалардын кабыл болушуна себепчи болот
  • -Аллахтын ыраазычылыгына жеткирет
  • -Шайтанды алыстатат
  • -Ырыскыны өзүнө тартат
  • -Жүрөктү тазалайт
  • -Аллахка болгон жакындоону пайда кылат
  • -Зикирден башка эч бир амалга зикирге берилген убадалар, кечиримдер берилген эмес
  • -Зикир менен алек болуучуларга Аллахтан дуба кылып суроочулардан көбүрөөк нерсе берилет
  • -Зикирдин нуру пенде менен бул дүйнөдө да кабырда да акыретте да бирге болот
  • -Зикир пендени Аллахка, Аллахты пендеге жакындатат
  • -Зикир пендеге Аллах мени менен бирге деген сезимди пайда кылат
  • -Акыретте АРШтын колокосундо 4 адам болот, ошолордун бири зикир дайым кылып журуучу адам
  • -Жүрөктөгү катуулукту зикирден башка эч нерсе жумшарта албайт