Курулуп жаткан имараттын дубалынын коңшу үйгө кулаганы боюнча кылмыш иши козголду

Бишкекте курулуп жаткан имараттын дубалынын коңшу үйгө кулаганы боюнча кылмыш иши козголду. Маалыматты 7-каналга Ленин РИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Жаш Гвардия бульвары менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн коңшу жайгашкан үйгө урап калганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине милиция кызматкерлери барган. Факты бирдиктүү реестрге катталган. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

27-мартта Бишкекте курулуп жаткан көп кабатуу имараттын дубалы жанаша жайгашкан жерге ураган.

Кесепетинен 1958-жылы туулган аял киши жабыркаганы маалым болгон.