
Бишкекте жол кырсыгы катталып, аял киши баласы менен жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
«Болжол менен саат 10:00 чамасында Ауди үлгүсүндөгү унаа Чүй проспектиси менен күн чыгышты көздөй бара жатып, Чыгыш-5ке жеткенде унааны башкара албай, аялдамадагы жөө жүргүнчүлөрдү — аял кишини баласы менен дагы бир жаранды сүзгөн.
Кесепетинен балалуу аял жабыркаган. Жерине Тез жардам кызматы чакырылган. Милициянын кайгуул кызматы жеринде иштеп жатышат»,- деп айтылат маалыматта.