ЖАМК Алмазбек Атамбаевди сотко күч менен алып келүүнүн айланасындагы жагдайга түшүндүрмө берди

Жазаларды аткаруу кызматы камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сотко күч менен алып келүүнүн айланасындагы жагдайга түшүндүрмө берди. Анда мекеменин кызматкерлери 23-мартта Атамбаевге эч кандай физикалык жана психологиялык кысым көрсөтпөстөн, көрсөтмөлөрдү так аткарып, сотко алып барганы айтылат.

Мекеме Атамбаев буга чейин медициналык текшерүүлөрдөн өтүүдөн баш тартканын билдирип, анын адвокаттары таратып жаткан маалыматтарды аша чапкандык катары баалаган.

«Атамбаев машиненин ичинде ЖАМКнын кызматкерлерин кемсинтип, чыр-чатак чыгарып, орой сөздөрдү айтып, коомчулуктун көңүлүн буруп, ошону менен сот жараянына катышпоого аракет кылган. Соттун имаратына жеткирилгенден кийин, машиненин ичинен бут кийимин жана байпактарын чечип, жактоочуларын бул жакка жылаңаяк алып келишкендигине ишендирүүгө аракет кылган. 2020-жылдын 30-декабрынан бери Атамбаевди сот залына жеткирүү боюнча Биринчи Май райондук сотунан 63 талап келип түшкөн, анын 61и соттук териштирүүгө катышуудан баш тарткандыктан аткарылган эмес»,- деп жазылган маалыматта.

23-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот болмок. Бирок негизги айыпталуучу Атамбаев сот залына кирүүдөн баш тартып койгондуктан отурум 30-мартка жылды.