Кыргызпатенттин директору ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы менен жолукту

 24-мартта Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеванын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов менен жолугушуусу болуп өттү. Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты, жаштардын чыгармачылык жана ойлоп табуучулук ишмердигин өнүктүрүү жаатында маселелерди талкуулашты.

4L7A7507 Кыргызпатенттин директору ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы менен жолукту

 Р. Керимбаева Кыргызпатенттин интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүү боюнча аткарып жаткан иштери, ведомство тарабынан ишке ашырууга пландалган “40 райондон 40 демилеге”, “Аймактарда инновациялык борборлорду ачуу”, “Аймактык мектептерге коомдук башталыштагы илимий жетекчилерди дайындоо” долбоорлору боюнча маалымат берди. 

4L7A7491 Кыргызпатенттин директору ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы менен жолукту

А. Рогов ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ишмердиги, аймактарда ишкердикти колдоо борборлорунун ачуу, жаштар жана билим берүү багытындагы долбоорлору тууралуу айтып берди. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аймактарда инновациялык борборлорду ачуу, мектептерге дайындоо үчүн коомдук башталыштагы илимий жетекчилерге семинар уюштуруу, STEM “Билим кербенин” өткөрүү маселелерин өнөктөштүктө ишке ашырууну карап көрүүнү макулдашты.