Кашкар Жунушалиев сотко мажбурлап алынып келинет, – сот

Бишкектин Биринчи май райондук соту Асановдун жактоочуларынын мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди күбө катары мажбурлап алып келүү сунушун канааттандырды.

Бүгүн, 24-мартта Биринчи май райондук соту иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун Кой-Таш окуясы боюнча ишин кароону улантты.

Буга чейин дагы Кашкар Жунушалиев Асановдун ишинде негизги күбө экени айтылып, жактоочулар аны мажбурлап алып келүү өтүнүчүн киргизилген.

Эске салсак, Атамбаевди кармоо операциясы 8-августта Кой-Ташта орун алып, аны Кашкар Жунушалиев башында турган Ички иштер министрлиги өткөргөн. Ал күнү Атамбаев ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов менен сүйлөшүүдөн кийин колго түшүп берген.

Кой-Таштагы окуядан кийин Асанов жумуштан бошотулуп, кылмыш иши козголгон. Ага «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген айып коюлган.