Кыргызпатенттин директору Евразия патенттик ведомствосунун (ЕАПВ) президенти менен жолукту

Кыргызпатенттин директору Р. Керимбаева Евразия патенттик ведомствосунун (ЕАПВ) президенти Г. Ивлиев менен жолукканын Кыргызпатенттен билдиришти.

4L7A7354 Кыргызпатенттин директору Евразия патенттик ведомствосунун (ЕАПВ) президенти менен жолукту

Жолугушууда тараптар интеллектуалдык менчик жаатында эки тараптуу кызматташтык тууралуу сүйлөшүү жүргүзүштү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ушул жылдын август айында Кыргызстанда Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ), Евразия патенттик ведомствосу (ЕАПВ) жана Кыргызпатент биргеликте интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо боюнча регионалдык семинар өткөрүүнү пландашты. Мындан сырткары, Кыргызпатент жана ЕАПВ балдар жана жаштардын ойлоп табуучулугун өнүктүрүү, интеллектуалдык менчик жаатында адистерди даярдоо боюнча тыгыз кызматташууга макулдашты.

Иш-чаранын алкагында Григорий Ивлиевдин Кыргызпатенттин кызматкерлери менен жолугушуусу уюштурулду.

4L7A7357 Кыргызпатенттин директору Евразия патенттик ведомствосунун (ЕАПВ) президенти менен жолукту

ЕАПВнын президенти Григорий Ивлиев 21-мартта Кыргызстанга жумушчу иш сапары менен келди. Бүгүн ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.У. Жапаров менен жолугат жана алар интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө евразиялык интреграцияга байланыштуу маселелерди талкуулашат.–