Талас ОИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө саптык кароо өткөрүлдү

15-март күнү Талас облустук ЖКККБда начальниги милициянын капитаны Барпиев Максат жол сакчыларды ​ жана кызматтык авто унааларды ​ саптык текшерүүдөн өткөрдү. Облус аймагынтейлеген кызматтык авто унаалардын техникалык абалы, алардын күнү-түнү ыкчам иштөөгө даярдыгы жана ошого тиешелүү мыйзамдуу иш кагаздары текшерилди.

Ар бир кызматкердин өзүнө бекитилген документтери, кийип жүргөн формалары жана нормага ылайык экипировкалары кароодон өттү. КРнын ИИМдин ​ жана Талас ОИИБнин иштелип чыккан буйруктары жеткирилип, аткаруучуларга тапшырмалар берилди.

WhatsApp Image 2022 03 16 at 08.03.35 1 Талас ОИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө саптык кароо өткөрүлдү

​ Барпиев Максат: Жол кыймылын ирээтке келтирип, ички иштер органдарынын жүзү болгонуна байланыштуу, ар бирибиз жарандар менен сылык жана өтө жогорку деңгээлде маданиятты көрсөтүүбүз керек. Жолдоо жүрүү эрежелерин пропагандалоо, айдоочулардын билим деңгээлин жогорулатуу багытына көңүл буруу мезгилдин талабы. Андыктан, ар бириңерди КРнын мыйзамдарын, ИИМдин буйруктарын так аткарууга, коррупциялык аракеттерге барбоого ​ чакырам, -деп сөзүн жыйынтыктады.

64304661 5ea5 4425 9fd9 f72eab0299f1 Талас ОИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө саптык кароо өткөрүлдү
64304661 5ea5 4425 9fd9 f72eab0299f1 1 Талас ОИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө саптык кароо өткөрүлдү

Талас ОИИБнин басма сөз кызматы