Социалдык тармакка чыккан “Lexus RX” үлгүсүндөгү автоунаасы жөнүндө маалыматтар калыбына келтирилди

“Унаа” мекемеси: Социалдык тармакка чыккан “Lexus RX” үлгүсүндөгү автоунаасы жөнүндө маалыматтар калыбына келтирилди


2018-жылдын 2-ноябрында жаңы “Транспорттук каражаттарын каттоо” автоматташтырылган маалымат тутуму ишке киргизилген. Бул жаңы түзүлгөн автоматташтырылган маалымат тутумуна транспорт каражаттарына тиешелүү бардык маалыматтар эски базадан өткөзүлгөн.
Дал ошол которуу учурунда айрым транспорт каражаттарынын кээ бир маалыматтары техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу туура эмес өткөзүлүп калган. Мындай факты жарандык актвисттер тарабынан социалдык тармакка чыккан.


Мекеме тарабынан дароо көңүл бурулуп, азыркы учурда социалдык тармакка чыккан “Lexus RX” үлгүсүндөгү 2001-жылы чыгарылган малекеттик номери “I 02 01 AB” автоунаасы “Транспорттук каражаттарын каттоо” автоматташтырылган маалымат тутумунда калыбына келтирилди.
“Унаа” мамлекеттик мекемеси кайдыгер карабаган жарандык активисттерге мекеменин маалыматтарын жарандарыбыз менен бөлүшүп тургандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.

ИИМдин “Унаа” мамлекттик мекемесинин маалымат кызматы