Башкы прокурордун Адахан Мадумаровдон кол тийбестикти алуу сунушун
караган депутаттык комиссия чечим чыгарды.
Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта «АКИpress»
агенттигине Исхак Масалиев билдирди.
Анын айтымында, комиссия Жогорку Кеңешке башкы прокурордун өтүнүчүн четке
кагууну сунуштайт.
Депутаттык комиссия жалпысынан 5 жолу жыйын өткөргөн.
Комиссиянын курамы:
- «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан — Айбек Осмонов (комиссиянын төрагасы),
- «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан — Исхак Масалиев,
- «Ынтымак» фракциясынан — Мурадил Сыдыков,
- «Ишеним» фракциясынан — Бахридин Шабазов,
- «Ыйман Нуру» фракциясынан — Динара Ашимова,
- «Элдик» депутаттык тобунан — Аманкан Кенжебаев.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев 10-февралда парламенттен Мадумаровду
жоопкерчиликке тартууга уруксат суранган. Ошол эле күнү башкы прокурордун өтүнүчүн
карай турган депутаттык комиссия түзүлгөн.
11-февралда Мадумаров ага мамлекеттик чыккынчылык беренеси менен кылмыш иши
козголгонун билдирген.
3-мартта Исхак Масалиев мамлекеттик чыккынчылык беренеси кызмат абалынан
кыянаттык менен пайдаланууга өзгөрүлгөнүн айткан.