Валентина Чупик: Орто Азия мигранттарын, кыргыздарды орус армиясына кошулууга мажбурлоо жүрүп жатат

Социалдык тармактарда Орусиянын жарандары – мурунку кыргызстандыктарга орус аскерине чакыруу болуп, орус армиясы менен мажбурлоо жолу аркылуу келишим тузүүгө аракеттер жүрүп жатканы тууралуу маалымат тарады. Аны Орусиядагы Орто Азия мигранттарынын укугун коргоп келген Валентина Чупик BULAK.KG сайтына тастыктап берди.

«Азыр бул тууралуу көп нерсе айтып бере албайм. Тюмень, Москва жана Питер шаарларынан Россиянын төрт жараны, мурунку кыргызстандыктар мага чалышты. Алар военкоматка жана аскерге чакырык кагаздарын алып барышканда келишим түзүү менен аскерге барууга мажбурлаптыр. Мындай шартка көнбөсө жарандыгынан ажыратабыз деп коркутушуптур. Чакырылгандардын бирөө кол коюп, чогулуп келейин деп кетип, Кыргызстанга учуп кетүүгө камынып жатыптыр. Калгандары «ойлонуп көрөлү» деп көндүрүп кетишиптир. Аларга да мен Кыргызстанга кеткиле деп кеңеш бердим.

Кыргыздардан сырткары тажиктер менен өзбектер да кайрылып жатышат. Аларга “юридикалык фирмалардан” байланышып, Россия Федерациясынын жарандыгын орус армиясындагы келишим аскердик кызматы аркылуу болгону үч айда алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштап жатыптыр.

Мага кайрылгандардын бири дагы мындай мажбурлоого жана сунушка макул болбоптур. Бирок мага байланышпагандар канча дейсиңер. Кыргыздардан – 4, тажик жана өзбектерден – 10 адам кайрылды. Бирок мен так санын айта албайм, кезектеги шылуундардын эле сөздөрү го деп маани берген эмесмин”, – деди Валентина Чупик.