Токтогул Какчекеев: Орусия Украинаны толугу менен басып, кийин жаңы күчтүү армия курасыңар дегени туура

Орус-Украин согушу боюнча пикирин саясат талдоочу Токтогул Какчекеев BULAK.KG сайтына айтып берди.

«Орусия менен Украина ортосундагы кагылышуу тууралуу көптөгөн серепчилердин пикирлерин уксам, орустар күчко салып опузалап жатат, украиналыктар жабыр тартып жатат деген сөздөрдү айтышууда. Тең жарымы орустардын кылып жаткан ишин колдоп жатышат. Бирок бул маселени бир өңчөй карап айтууга болбойт, анткени сегиз жылдан бери Украина Орусияга каршы душмандык сезимдеги иштерди жасашты. Ошондой эле орус тилин сүйлөөгө жана анда жазууга тыюу салса, демократтар көңүл да бурган жок.

Убагында Батыш өлкөлөрү Советтер Союзун таратып жиберүүгө аракетин жүргүзүп, Беларусь, Россия жана Украина президенттерине акча жагынан жардам кылабыз деген убадалары аркылуу күчтүү мамлекетти чачыратып, декоммунизация жүргүзгөн. Ошондой эле орустарга зыян келтирип, аларга кысым көрсөтөсүңөр деген.

Ошондон бери уланып келип, Украинада Майдан болуп, өлкө башына улутчулдар келип, католик дини да орноду. Мунун негизинде карама-каршылык күчөй берип азыркы абалга жетти. Россия бүгүнкү күндө Украинаны толугу менен басып, жеңип алып, Шойгу айткандай аскерлерди куралдарын таштап үйүнө кетишин талап кылуу менен кийин силер Украинанын жаңы, күчтүү армиясын курасыңар деши керек. Демек, келечекте Украинада жаңы шайлоо болуп, алар өзүнүн эгемендүүлүк жолуна кайра келет. Бирок, коркунучту туудурбаган нукта, нейтралдуу абалга келүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Бул согуштун таасири Кыргызстанга түздөн-түз тийбесе да, экономикалык жактан зыяны тийет. Батыш өлкөлөрү Орусияны финансылык SWIFT системасынан чыгаруу аракетин кылганы менен ал жол менен Орусия аркылуу 30-50 млрд доллар акча жүгүрүп турат. Буга байланыштуу Батыш өлкөлөрү мындай акчадан куру калгысы келбейт”.