Кызыл-Кыя шаарында айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Кызыл-Кыя ШИИБу боюнча ЖКККБнун кызматкерлери 2022-жылдын 28-февраль күнү жүргүнчү ташыган унаалардын техникалык абалын текшерүү максатында Кызыл-Кыя шаардык ЖТАУМде кичи автобустарга комплекстик жана контролдук текшерүү өткөрүштү. Анда техникалык абалдары оң эмес унаалардын айдоочуларына Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протоколдор толтурулду.

Андан сырткары, Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы автобекеттерге барып айдоочулар менен жүргүнчүлөр арасында жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

WhatsApp Image 2022 03 01 at 11.58.11 2 Кызыл-Кыя шаарында айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө
WhatsApp Image 2022 03 01 at 11.58.11 1 Кызыл-Кыя шаарында айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө
Кызыл-Кыя

Баткен ОИИБы боюнча ЖКККБнун басма сөз кызматы