Косметика, зер буюмдар, шприцтер: 600 миң сомдон ашуун суммада декларацияланбаган товарларды бажычылар аныктады

«Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери 600 миң сомдон ашуун суммада декларацияланбаган товарларды аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

222 Косметика, зер буюмдар, шприцтер: 600 миң сомдон ашуун суммада декларацияланбаган товарларды бажычылар аныктады

Маалыматка ылайык, бажы контролун жүргүзүүдө С.М. аттуу КР жаранынын коштоочу жүгүндө дары-дармек каражаттары (Janumet 50/100mg), Star supralex, шприцтер (Oksapar, Enox), аялдар косметикасы, 65,25 гр жалпы салмагында сары металлдан зер буюмдар аныкталган.

Көз карандысыз экспертиза борборунун корутундусуна жана «Эксперт Оценка» ЖЧКсынын баалоосуна ылайык, товардын жалпы орточо базар наркы 658 миң 254 сомду түзөт.

Бул факт КБР МЭЖ АМСке катталып, материалдар Ош прокуратурасына өткөрүп берилди.

444 Косметика, зер буюмдар, шприцтер: 600 миң сомдон ашуун суммада декларацияланбаган товарларды бажычылар аныктады