Семетей Талас уулун кармап, үйүнөн диний беш китепти алып кетишти

Журналист, жарандык активист Семетей Талас уулунун үйүн милиция кызматкерлери тинтүүгө алышып, өзүн кармап кеткени тууралуу маалыматты жубайы билдирди.

Тинтүү учурунда үйүндө апасы жана балдары гана болгонун белгилеп, күбөлүктөрүн журналисттин өзүнө эле көрсөтүп алып кетишкенин айтты. Буга эмне себеп болгонун жана жолдошун ким каякка алып кеткенин билбей жатканын кошумчалады.

“Үйдөн диний беш китепти алып, дин тууралуу иш, дин тууралуу бир маалыматты бөлүшкөн деп айтышыптыр. Эч нерсе түшүнгөн жокмун” – дейт жубайы Айым Усубаева.

Расмий органдар жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан бул маалымат тастыктала элек.