Сокулукта сабалган эки жашар баланы чоң энеси бакмай болду

Сокулук районунда сабалган эки жашар баланы чоң энеси багат. Бул тууралуу “Балдардын укуктарын коргоочулардын лигасы” коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, балага камкордукту ким алары тууралуу комиссиянын жыйыны болуп өттү.

image 4 4 Сокулукта сабалган эки жашар баланы чоң энеси бакмай болду

“Комиссия эки тараптын тең ой-пикирлерин угуп, ата-энесинен укуктарын чектөө жана баланы чоң энеси Натальяга (атасынын апасы) убактылуу камкордукка өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Сокулукта эки жашар бала сабалып ооруканага жаткырылды.