Чек ара маселеси боюнча Игорь Чудинов күбө катары сурак берип чыкты

Башкы прокуратурада Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов күбө катары сурак берип чыкты.

Маалыматка ылайык, Чудинов кечээ, 31-январда кыргыз-тажик чек арасы боюнча суроолорго жооп берген.

Буга чейин Башкы прокуратурага дал ушу маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев жана Адахан Мадумаров чакырылган.