Садыр Жапаров “Норус” лыжа базасында болду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-декабрда, Бишкек шаарынын жанындагы “Норус” лыжа базасында болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекет башчысы эс алуу аймагынын инфраструктурасын жана трассаларын көрүп чыкты, ошондой эле тоо боорлорунда лыжа тепти.

“Норус” лыжа базасы кооз Аламүдүн капчыгайында деңиз деңгээлинен 1980 метр бийиктикте жайгашкан.

Анын негизги атаандаштык артыкчылыгы – Бишкек шаарына жакындыгы, борбордон 35 км алыстыкта, жолдо жүрүү болжолдуу 40 мүнөттү алат.

“Норус” базасынын тоо капталдары ар кандай татаалдыктагы жолдорду түзүүгө мүмкүндүк берет. Лыжа трассаларынын бийиктигинин айырмасы 250-300 метр. Бул лыжа жана сноуборд тебүү үчүн, ошондой эле спортчуларды даярдоо үчүн уникалдуу трассалар.

“Норус” лыжа базасында 3 асма жол бар. Бирөө профессионалдар, ишенимдүү тепкен лыжачылар жана сноубордчулар үчүн узундугу 600 м жана 1600 м болгон, жаңыдан баштагандар үчүн атайын 150 метр узундуктагы өзүнчө асма жол, эң кичинекей балдар үчүн конвейер лентасы бар. Ошондой эле ар кандай татаалдыктагы жана узундугу 2000 метрге чейин же андан ашык жаңы жолдорду салууга болот.

Базанын аймагында толук кандуу жайлуу эс алуу үчүн бардык зарыл шарттар менен жабдылган төрт кабаттуу мейманкана бар.

Учурда база президенттин Иш башкармалыгынын балансында турат.

Азыркы тапта асма жолдорду алмаштыруу, мейманканаларды куруу жана жаңы бардык сезондук кызматтарды киргизүү аркылуу лыжа базасын толук жаңылоо долбоору даярдалууда: жыл бою лыжа тебүү, кымыз терапиясы, жөө  жүрүү жана ат минүү турлары, квадроциклдерди жана карда жүрүүчү унааларды ижарага берүү, ошондой эле жайлуу мейманкана бөлмөлөрүндө жайгаштыруу жана конференц-залдарда иш-чараларды өткөрүү.

photo 2022 12 31 18 45 38 Садыр Жапаров “Норус” лыжа базасында болду
photo 2022 12 31 18 45 36 Садыр Жапаров “Норус” лыжа базасында болду
photo 2022 12 31 18 45 27 Садыр Жапаров “Норус” лыжа базасында болду
photo 2022 12 31 18 45 37 2 Садыр Жапаров “Норус” лыжа базасында болду
photo 2022 12 31 18 45 39 2 Садыр Жапаров “Норус” лыжа базасында болду
photo 2022 12 31 18 45 41 Садыр Жапаров “Норус” лыжа базасында болду