Кара-Буурада фасоль уурдоого шектелген жаран кармалды


Кара-Буура айылы Жаңы-Жер айылынын 1978-ж.т. тургуну “Алейна” фирмасынын кызматкери Кара-Буура РИИБне арыз менен кайрылган.

Анда аталган фирмадан 5 кап фасоль дан азыгы уурдалган деп билдирген.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш алып барууларынын негизинде уурулук кылмышына шектүү жаран кармалган.

Ал Кызыл-Адыр айылынын тургуну жана буга чейин дагы 2 тоннага жакын фасоль дан азыгын уурдап келгендиги аныкталган. Учурда шектүү 1997-ж.т. Ш.Ш. Кара-Буура РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.


Талас ОИИБнин басма сөз кызматы