Шаирбек Ташиев мандатынан баш тартты, анын маселесин фракция карайт

Шаирбек Ташиев мандатынан баш тартты. Бул маселе фракцияда караларын Бакыт Төрөбаев билдирди.

“Урматтуу Кыргызстандыктар!!!

2022-жылдын 26-январы күнү Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын Лидери катары менин атыма фракциянын мүчөсү Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтен Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын тапшыруу боюнча чечим кабыл алгандыгы тууралуу кайрылуу келип түштү.

Мындан сырткары, республикабыздын булуң-бурчундагы шайлоочулардан да кайрылуулар түшүп жатат.

Бул маселе фракциянын жыйынында каралат”,-деп билдирди Бакыт Төрөбаев

Эске салсак, буга чейин, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев иниси Шаирбек Ташиев жакында мандатын тапшырып берерин айткан болчу.