Акылбек Жапаров: Апрелге чейин электр энергиясында эч көйгөйсүз жете алабыз

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүнкү Орто Азия боюнча үзгүлтүккө учураган энергосистема боюнча бузулуу тууралуу маалымат берип, калкты кабатыр болбоого чакырды.

«Паникага алдырбаңыздар, кайсы бир айылдарда же райондордо электр энергиясы болбосо кабатыр болбой туруңуздар. 1-апрелге чейин электр энергиясында үзгүлтүксүз, көйгөйсүз иштөөгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Учурда Казакстан, Өзбекстан жана биздин өлкө өздөрүнүн ички шакекчелери менен иштей баштады. Мамлекеттин түндүк жагынан электр энергияны биз Казакстандан алып келебиз. Биз өзүбүздүн ички шакекче менен да иштей ала турганыбызды айтып жатабыз. Бирок СССР маалынан бери келе жаткандай, физикалык жактан алганда энергия жоготуулар көп болуп турат, ошондуктан кайсы регион кайсы энергочекитке жакын турса ошол мамлекеттен алганы жеңилдикти берет»,-деп белгиледи.