Таабалды Тиллаев кызматка дайындалды

Таабалды Тиллаев Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка 19-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бүгүн министрдин орун басарын жалпы жамаатка Министрлер кабинетинин орун басары Азиз Алиев тааныштырды.

Таабалды Тиллаев 1976-жылы 7-майда Баткен облусунун Лейлек районунун Чимген айылында туулган.