Салык кызматынын темир тосмолору алынууда

Административдик имараттардын аймагындагы темир тосмолор алынууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинде жайгашкан Мамлекеттик салык кызматынын имаратынын темир тосмолору алынган. Жана Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги Кусаин Кольбаев атындагы Бишкек автожол колледжинин боюндагы тосмолор демонтаждалган.

Бишкек шаардык мэриясы кошумчалагандай, тосмолор «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинин кайрылуусунун негизинде, ошондой эле борбор калаанын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында алынып жатат.